-9 C
Астана
2 марта, 2024
Image default

Серик Медетбеков: Чек араны жабуу менен Казакстан жаңылыштык кетирди

Серик Медетбеков

Серик Медет­бе­ков

19.05.2010

Казак–кыргыз чек ара­сы күчөтүл­гөн тар­тип­те кай­та­ры­л­га­ны­на бүгүн 42 күн­гө аяк басты. Казак рас­мий өкүл­дөрү чек ара Кыр­гыз­стан­да­гы сая­сий абал толу­гу менен турук­таш­кан­да ачы­ла­рын бил­ди­рүүдө. Казак тарап буга чей­ин түшүн­дүр­гөн­дөй чек ара­нын жабы­лы­шын­да­гы эң баш­кы жүй­өө коо­п­суз­дук эле­би же баш­ка фак­тор­лор дагы бар­бы? “Азаттык” менен казак оппо­зи­ци­я­сы­нын чет өлкөлөр­дө­гү бюро­су­нун баш­чы­сы Серик Медет­бе­ков ой бөлүштү.

“Азаттык”: Серик мыр­за, казак тарап чек ара­нын жабы­лы­шын­да­гы негиз­ги фак­тор ката­ры коо­п­суз­дук­ту ата­ган. 7‑апрелдеги кий­ин­ки алгач­кы күн­дөр­дө кыр­гыз коомчу­лу­гу да казак бий­ли­ги­нин ара­ке­тин түшүнүү менен кабыл алган. Бирок чек ара­нын жабы­луу мөөнөтү мур­да болуп көр­бө­гөн­дөй узак­ка созу­луп кет­кен­дик­тен, азыр мын­дай жаг­дай­ды коң­шу­лар­дын эко­но­ми­ка­лык бло­ка­да­сы ката­ры баа­ла­ган­дар чыгу­у­да. Кеч­ээ Казак­стан­дын чек ара кыз­ма­ты­нын дирек­то­ру Булат Кыр­гы­з­ба­ев чек ара Кыр­гыз­стан­да­гы сая­сий абал толу­гу менен ста­бил­деш­кен­де гана ачы­ла­рын, азы­рын­ча кан­дай­дыр бир мөөнөт­тү айтуу кый­ын эке­нин бил­дир­ди. Чын эле Казак­стан үчүн Кыр­гыз­стан­дан ушун­ча чоң кор­ку­нуч туу­луп жатабы?

Серик Медет­бе­ков: Жабы­л­ган чек ара Казак­стан үчүн коо­п­суз­дук­тун фак­то­ру деп айтуу меним­че туу­ра эмес. Чек ара Кыр­гыз­стан­да­гы кыр­да­ал ста­бил­деш­кен­де гана ачы­лат деген фор­му­ли­ров­ка­нын өзү дагы туу­ра эмес. Ант­ке­ни бул тер­мин­ди абдан кеңи­ри чеч­мелөө­гө, кыр­да­ал турук­та­шпа­ганды­гын айтып, чек ара­ны түбөлүк­кө жабык кар­мо­ого болот. Бул — бирин­чи­ден. Экин­чи­ден, Кыр­гыз­стан­га кара­та эко­но­ми­ка­лык бло­ка­да жүрүп жатка­ны, үстүр­төн кара­ган­да эле көрүнүп турат. Ага катар бул — Кыр­гыз­стан­дын убак­ты­луу өкмөтү, жаңы бий­лик­те­ри үчүн чынын­да Казак­стан жак­шы сана­а­лаш коң­шу эмес экен­ди­гин көр­гөз­гөн белги.

“Азаттык”: Коо­п­суз­дук бол­бо­со чек ара­нын жабы­лу­усун­да­гы негиз­ги фак­тор ката­ры сиз эмне­ни көрөсүз?

Серик Медет­бе­ков: Маа­ни­лүү фак­тор­лор­дун бири Казак­стан мын­дай жол менен Кыр­гыз­стан­да­гы инве­сти­ци­я­сын кор­го­ого ара­кет­те­нип жатканды­гы. Биле­сиз­дер Баки­ев­дин учу­рун­да Кыр­гыз­стан­га кый­ла эле чоң инве­сти­ция салын­ган. Биз бул инве­сти­ци­я­лар­дын мый­зам­дык жагы, кан­ча­лык мый­зам­дуу, мый­зам­сыз экен­ди­ги жөнүн­дө сөз кыл­ган жок­пуз. Муну жаңы бий­лик илик­те­се керек. Биз ири өлчөм­дө­гү акча өз учу­рун­да Кыр­гыз­стан­га куюл­га­ны жөнүн­дө айтып жата­быз. Казак­стан­дык­тар тури­ст­тик биз­не­сте бар. Кезин­де пре­зи­дент Назар­ба­ев Ысык-Көл­дүн бир учун белек ката­ры алга­ны маа­лым. Айрым пан­си­о­нат­тар Баки­ев­дин өкмөтү учу­рун­да Казак­стан тара­бы­нан текей­ден арзан­га саты­лып алын­ды. Ири көлөм­дө­гү акча Кыр­гыз­стан­дын чий­ки зат өндүрү­шүнө салын­ган. Биз мына ушу­лар жөнүн­дө айтып жата­быз. Жаңы бий­лик мый­зам­сыз кели­шим­дер­ди кай­ра кара­ры түшүнүк­түү. Андык­тан, Казак­стан­дын эли­та­сы азыр бул акча­лар­ды кор­го­ого ара­кет­тенүүдө, бирок тилек­ке кар­шы туу­ра эмес ыкма­лар менен. Чек ара­ны жабуу менен Казак­стан дагы бир жаңы­лы­штык кети­рип жатат. Биз так билип кою­шу­буз керек. Казак бий­ли­ги менен казак эли­та­сы­нын казак элине эч тие­ше­си жок.

“Азаттык”: Казак рас­мий өкүл­дөрү Кыр­гыз­стан­да­гы кыр­да­ал­дын тези­р­э­эк жөн­гө салы­ны­шын көздө­шөрүн, буга кызык­дар экен­дик­те­рин бир ооз­дон бил­ди­рип жаты­шат. Бирок ошол эле учур­да Кыр­гыз­стан­да, анын ичин­де уту­рум­дук өкмөт мүчөлөрү ара­сын­да Казак­стан чек ара­нын ачы­лу­усун создук­ту­руу менен өзү деста­бил­де­ш­ти­рүүчү фак­тор болуп жатат деп эсеп­те­ген­дер жок эмес. Сиз эмне дейсиз?

Серик Медет­бе­ков: Казак­стан­дын рас­мий өкүл­дөрү ички сая­сий ста­бил­дүүлүк­кө эч кан­дай таа­сир көр­гөзө албайт. Себе­би ички сая­сий ста­бил­дүүлүк масе­ле­си бул — Кыр­гыз­стан­дын ички иши. Ага Казак­стан­дын мам­ле­кет­тик же рас­мий өкүл­дөрүнүн кий­ли­ги­шүү­гө акы­сы жок. Биз Казак­стан­дын рас­мий, атү­гүл бирин­чи адам­да­ры да жогору­да­гы­дай сөздөр­гө жамын­га­ны менен чынын­да өздөрү аймак­та­гы деста­бил­де­ш­ти­рүүчү фак­тор бол­го­ну­нун көп эле миса­лын көр­гөн­бүз. Буга азыр да күбө болуп жата­быз. Чек ара­нын жабы­лы­шы мунун мисалы.

“Азаттык”: Кыр­гыз­стан­дын түр­дүү коом­дук уюм­да­ры тара­бы­нан казак бий­лик­те­ри­нин даре­гине жабы­лу­усу узак­ка созу­луп кет­кен чек ара­ны ачуу боюн­ча чакы­рык­тар соңку кез­де­ри утур –утур айты­лып жатат. Мын­дай чакы­рык­тар­га акыр­кы күн­дөрү Казак­стан­дын айрым коом­дук уюм­да­ры да үн кошо башта­ды. Сиз­дер­де калып­тан­ган бий­лик иерар­хи­я­сы боюн­ча акыр­кы чечим­ди пре­зи­дент Назар­ба­ев өзү кабыл алабы?

Серик Медет­бе­ков: Сиз туу­ра айт­ты­ңыз. Чек ара­ны албет­те пре­зи­дент­тин көр­сөт­мөсү менен жабы­шты, кай­ра эле анын бую­ру­гу боюн­ча ачы­шат. Пар­ла­мент, бий­лик­те­ги баш­ка адам­дар да кыр­да­ал­га таа­сир көр­гөзө албайт. Кеч­ээ казак­стан­дык жаштар­дын “Абы­рой” кый­мы­лы бий­лик­тер­ге, пар­ла­мент­ке чек ара­ны ачуу өтүнүчү менен кай­рыл­ды. Бирок мын­дан май­нап чык­пайт. Биз түшүнүп кою­шу­буз керек. Масе­ле­ни чече тур­ган жал­гыз адам — пре­зи­дент Назар­ба­ев­дин өзү. Бул — бирин­чи­ден. Экин­чи­ден чек ара­ны ачы­лу­усу үчүн Кыр­гыз­стан­дын уту­рум­дук өкмөтү Казак­стан­га таа­сир көр­гөзүү боюн­ча рычаг­дар­дын баарын ишке кир­гиз­ген жок. Андай рычаг­дар жетиштүү эле.

 

архивные статьи по теме

02/06: ЗАКЛЮЧЕННЫЙ ПОЭТ ЮСУФ ЖУМА ОБЪЯВЛЕН В РОЗЫСК

22.4.2015 Четвертый день судебного разбирательства по делу об убийстве против Мусаева и Кошляка

Свободу Юсуфу Жума и его семье!